Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Сузакта нааразылык акциясы өттү


Бүгүн Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Жаңы-Дыйкан айылынын тургундары нааразылык акциясына чыкты. Облустук администрация алдына келген жыйырмадай тургун суу ташкындан тажаганын айтты. Алардын билдиргенине караганда, бир нече жылдан бери жаз айларында үй-короолорун сел басууда. Нааразылык акциясына чыккандар айылдан көчүп чыгып, турак-жай курууга жер ажыратып берүүнү өтүнүштү. Район акими Нурболот Мырзахмедов 108 үй-бүлө жашаган жаңыдыйкандыктардын талабын аткарууга аракет жасалаарын билдирди. (YA)

 

XS
SM
MD
LG