Ошто милиция Орусиядан жаңы кайтып келген кызын өлтүрдү деп шектелген аялды камакка алды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, кылмыш иш "адам өлтүрүү" деген берененин негизинде козголду. Окуя 10-январда болгон. Орусиядан жаңы кайткан кызы банк аркылуу жөнөткөн 14 миң рубль акчасын алуу үчүн энесинин паспортун сураган. Бирок паспорт жок деп айтылып, кызы менен энесинин ортосунда катуу уруш чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, жаш келинди апасы шатынын мыгы менен кошо суурулган жыгачын алып бутун байлап коюп сабаган. Алган жараатынан көз жумган келиндин төрт айлык ымыркайын милиция жергиликтүү төрөт үйүнө өткөрүп берди. (RK)