Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш учурунда тажик тараптан келип түшүп, бирок жарылбай калган мина жок кылынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, мина коопсуз жерге алынып барылып, бүгүн зыянсыздандырылды.
11-январда Баткенде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда 45 мүнөт созулган атышуу болгон. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик тарап минометтон жети жолу аткан. Атышуу учурунда эки тараптан он чакты адам жараат алган. (EBM/RK)