Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери чек арадагы айрым айылдарды чогуу күзөтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ИИМден кабарлашты. 11-январда Баткенде жол курулушуна байланыштуу чыр чыгып, эки тараптан тең ок атышуу болгон. Он чакты киши жараат алган. Эки өлкөнүн чек арачыларына да биргелешкен күзөт уюштуруу тапшырмасы берилген. Учурда анын маршруту такталууда. (RK)