Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Орусия Саттерди өлкөгө киргизбеди


“Азаттык/Эркин Европа” радиосунун президенти Кевин Клоуздун кеңешчиси, америкалык журналист жана жазуучу Дэвид Саттерге Орусияга киргенге уруксат берилбеди.

Клоуздун 13-январдагы билдирүүсүндө бул тууралуу АКШнын Москвадагы элчилигине кабарланганы, Орусиянын тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө бере электиги көрсөтүлөт. Дэвид Саттер декабрда Украинага барып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу “Азаттыктын” сайтында түрмөктөрдү жарыялаган. Саттерге Орусияга кире албасын Киевдеги орус элчилигинен айтышкан.

Дэвид Саттер 1976-1982-жылдары Financial Times гезитинин Москвадагы кабарчысы, анан Wall Street Journal гезитинин СССР боюнча атайын кабарчысы болгон. Азыр АКШнын Жонс Хопкинс атындагы университетинин илимий кызматкери болуп иштейт.

XS
SM
MD
LG