Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Египет: референдум тушунда коомдук тартип күчөтүлдү


Эки күндүк добуш берүүнүн коопсуздугун өлкө боюнча 360 миң полициячы жана аскер камсыздоодо. Бул былтыр июнда исламчыл президент Мухаммед Мурси аскерлер тарабынан бийликтен кулатылгандан берки биринчи шайлоо. Көбүнчө дүниябий саясатчылардан турган комиссия иштеп чыккан жаңы Баш мыйзамда, 2012-жылы Мурси тушунда иштелип чыккан Конституциядан айырмаланып, ислам жөнүндө эч сөз жок. Египеттин Конституциялык комиссиясынын башчысы Амр Муса добуш бергенден кийин: “Бул Конституция эч кимди бөлбөйт. Бул 2012-жылкы Конституцияга кармандай каршы жана эч кимди “Мусулман агайын” же башка деп жерибейт. Ар бир жаран башка жарандардай эле укукка ээ”, -деди.

"Мусулман агайындар" референдумга бойкот жарыялады.
Египеттик 53 миллион адам шайлоо укугуна ээ. 14-январда добуш берүү башталар алдында Каир шаардык сотунун жанында бомба жарылып, имаратка зыян келтиргени маалымдалды. Референдум өлкөдө демократияны калыбына келтирүүдөгү маанилүү кадам болот.

XS
SM
MD
LG