Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайра курчуду


Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү суу сактагыч жайгашкан жерде абал татаалдашканы айтылат. Бүгүн саат кечки беште эки өлкөнүн чек арачыларынын өкүлдөрү кездешкенде, тажик тарап Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушуна тоскоолдук кылаарын айткан жана жолугушууга тажик чек арачылары шайма-шай курал-жарак менен келишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн тийиштүү даярдыктар көрүлгөнүн маалымдады жана эки ортодогу суроолорду күч көрсөтүү аркылуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG