Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Район акими Чек ара кызматынын маалыматын төгүндөдү


Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков “Вечерний Бишкек” гезитине 14-январда берген интервьюсунда "Тажикстандык чек арачылардан Ворух анклавынын атрабындагы айланма жолдун курулушун токтотуу талабын уккан жокмун” дейт Кыргызстандын чек ара кызматынын билдирүүсүнө байланыштуу.

“Эгер кандайдыр бир талап айтылса, мага ал жерде иштеп жаткан тиешелүү адамдар сөзсүз маалымдашмак” деген С. Калыков Тажикстан менен чектеш аймакта абал тынч экенин белгилейт.

Мурдараак Кыргызстандын чек ара кызматы Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү суу сактагычтын атрабында абал татаал экенин маалымдаган. Билдирүүдө 14-январда саат 17де эки өлкөнүн чек арачыларынын өкүлдөрү кездешкенде, тажик тарап Көк-Таш Ак-Сай жолунун курулушуна тоскоолдук кылаарын айткан жана жолугушууга тажик чек арачылары шайма-шай курал-жаракчан келгени көрсөтүлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарапты ортодогу суроолорду күч көрсөтүп эмес, сүйлөшүү жолу менен чечкенге чакырган.

XS
SM
MD
LG