Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Ирактын Рамади, Фаллужа шаарларында согуш жүрүүдө


Ирак армиясы өлкө батышындагы Рамади шаарынан “ал - Каида” менен байланыштагы көтөрүлүшчүлөрдү сүрүп чыкканга аракет кылууда. Рамади суннит калктуу Анбар провинциясынын борбору. Провинциянын Фаллужа шаарынын четинде да катуу салгылашуулар болууда. “Азаттыктын” ирак кызматынын билдиришинче, Рамадинин түштүк жана түндүк тарабындагы ал-Мубали, ал-Жазира жана ал- Халидия райондору камоого алынган. Согуштан улам 800дөн ашуун үй-бүлө үй-жайын таштап, 15 мектепте баш калкалоодо. Мектептерде азык-түлүк жана күйүүчү май тартыш. Өкмөттүк аскерлер Анбар провинциясынын Сирияга чек аралаш аймагында “ал-Каида” менен байланыштагы "Ирак ислам өлкөсү жана Леванта" тобуна таандык 8 жоокер жок кылынганын билдирди. Багдадда 8 адам, анын ичинде Ирактын Жогорку Сотунун мүчөсү Муттар Хусейн өлтүрүлгөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG