Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Венесуэла авиакомпанияларга 2.6 млрд. доллар карыз


Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Каракас, 17-апрель 2013-жыл.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Каракас, 17-апрель 2013-жыл.
Түштүк Америкадагы Венесуэла дүйнөлүк ири авиакомпанияларга 2.6 миллиард доллар карыз. Бул тууралуу Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм – ИАТА кабарлады. Буга байланыштуу кээ бир авиаишканалар борбор шаар Каракаска аба каттамдарын токтоткон, айрымдары Венесуэла аймагында билеттерин сатууга тыюу салган.

Венесуэланын аймагында учакка жол кире улуттук валюта – боливар менен гана сатылат. Боливарды алмаштыруунун үч расмий курсу бар. Чет элдик авиакомпаниялардын билдиришинче, боливарды башка акча бирдиктерине алмаштыруу жана өлкөдөн алып чыгуу абдан татаал. Мисалы, Испаниянын "Эйр Европа" авиаташуучусу Венесуэлада сатылган билеттерден түшкөн 100 миллион доллар кирешени өлкөдөн алып чыга албай жатат. Мындай кырдаалга Германиянын "Люфтганза", АКШнын "Американ Эйрлайнс", Панаманын "Копа Эйрлайнс" жана Колумбиянын "Авианика Колумбия" авиакомпаниялары да тушуккан.

Ал ортодо Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөнүн улуттук авиакомпаниясы "Конвиасага" өзү учуп жүргөн президенттик Аэробус–319-100CJ үлгүсүндөгү учакты белекке берди. Бул тууралуу бир нече венесуэлалык гезиттер жазып чыкты. Өлкө башчысы Мадуро президенттик самолётту авиакомпаниянын илгерилешине кошкон салымы катары бергенин айтты. Бул – "Конвиасанын" 25-учагы болду. Кошумчалай кетчү нерсе, бир боливар – 7 сом 86 тыйын. (BAz)

XS
SM
MD
LG