Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Укук коргоо кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт


Укук коргоо тармагында иштегендердин айлыгы 1-марттан баштап 37 пайызга көтөрүлөт. Жаңы жумушка кирген кызматкерлерге 12 миң сомдун тегерегинде айлык берилет. Ал эми беш жылдан ашуун иштегендердин маянасы кызмат орду жана алган наамына карата белгиленет. Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 14-январда кол койду. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Өкмөт башчынын токтомуна ылайык, жаздын биринчи айынан тарта Ички иштер министрлигинин, ИИМ академиясынын, Жаза аткаруу кызматынын, Баӊгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери жогорулатылган айлыкты ала баштайт. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүнөт.

Маалыматка ылайык, 1-июлдан тарта укук коргоо тармагында иштегендердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт. (SE)

XS
SM
MD
LG