Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Ошто тынчтык митинги болушу күтүлүүдө


Бүгүн Ошто “Улуттар биримдиги” партиясынын жана мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун колдоочулары тынчтык митингине чыгышат. Алар мэр шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Абжапар Аккулов билдирди. Маалыматты шаардык Ички иштер башкармалыгынан да тастыкташты. Шайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Партиянын тарапташтары борбордук телеканалдардан 13-январда Мелис Мырзакматовго каршы көрсөтүлгөн берүүлөргө нааразы болушууда. Алар Мырзакматовду калаа башчылыгына келтирбөө аракетин көрүүдө деп, азыркы бийликти күнөөлөп жатышат.

“Улуттар биримдиги” партиясынын депутаттары өткөн жылдын аягына чейин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын негизги курамын түзгөн. “Замандаш” партиясы өзүнүн өкүлүн чакыртып алгандан соң, көпчүлүк коалиция КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракцияларынан куралган. Муну айрым саясий серепчилер Мырзакматовду кезектеги шайлоодогу утушун азайтуу максатында атайын жасалды деп баалашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG