Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Токтонасыров мэр шайлоого каршы акцияга чыгат


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын башчысын шайлоого каршы бүгүн пикетке чыгат. Нааразылык акциясы мэриянын жанында болмокчу. Токтонасыров атаандашы жок шайлоо өткөрүүнү туура эмес деп эсептейт.

Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп, Кубанычбек Кулматов катталган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. Башка фракциялар талапкер сунуштаган эмес.

Мэрди бүгүн шаардык кеңештеги депутаттар шайлашат. (SE)

XS
SM
MD
LG