Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:45

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында негизги иш быйыл башталат


Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушундагы негизги иш быйыл башталат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен орусиялык “РусГидро” ишканасынын өкүлү Алекандр Халтуриндин жолугушуусунда айтылды. “Жогорку Нарын ГЭСтер каскады” ишканасынын жетекчиси Игор Горбенконун айтымында, 2013-жылдын ноябрь айына 170 миң сом, декабрга 200 миң сом алгачкы салык төгүлдү.

Курулушка 242 гектар жер берилип, кыргыз өкмөтү тарабынан Орток айыл өкмөтүнө 10 миллион сомдой акча бөлүндү. Бул акча ошол жер ээлерине төлөнмөкчү.


Нарын дарыясына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” ишканасы ГЭСтердин курулушу 5-6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирээрин маалымдаган. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG