Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Сарууда митинг өтүүдө


Көлдүн Саруу айылында 500гө жакын киши катышкан митинг өтүп жатат. Алар бул акциясын курултай деп атап, бийликке үч талап коюуда. Биринчи талабы - Кумтөр келишимин жокко чыгаруу, экинчиси - камалган жердештерин бошотуу жана үчүнчүсү - саясый куугунтуктоону токтотуу.

Митингге оппозиционер саясатчылар Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаров катышууда. Равшан Жээнбеков бийлик саясый оппоненттерин куугунтуктап жатат деп сындады жана өзү ушундай абалга тушугуп жатканын билдирди.

Кабарчыбыздын айтымында, митинг өтүп жаткан жерде милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким көрүнбөйт. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG