Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Аккулов: "Улуттар биримдиги" Ош шаардык кеңешинен кетти


"Улуттар биримдиги" фракциясы Ош шаардык кеңешинен кетти. Мындай чечим кабыл алынганын бүгүн Оштогу митингде аталган партиянын штаб башчысы Абдыжапар Аккулов билдирди:

- Шаардык кеңештеги "Улуттар биримдиги" партиясынын фракциясы өзүн өзү таркатуу тууралуу чечим кабыл алды. Кетти. Мына бүгүнкү сессия акыркы сессия.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, азырынча "Улуттар биримдигинен" депутаттык мандатты тапшыруу тууралуу арыз түшо элек.

Бүгүн Ошто мэр шайлоо өттү. "Улуттар биримдиги" көрсөткөн талапкер Мелис Мырзакматов мэр болуу үчүн жетиштүү добуш ала албай калды. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG