Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Дүйнөлүк Банк: Экономикалык өсүш бекемделет


Дүйнөлүк банктын божомолунда, быйыл өнүгүп келаткан өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн ылдамдыгы тездейт. Банктын Глобалдык экономикалык келечеги деген бөлүмү бүгүн жарыялаган баяндамада дүйнө боюнча дүң өндүрүшүнүн өсүшү былтыркы 2.4% быйыл 3.2% жетиши күтүлөт. Документке ылайык, келерки эки жылда өсүш 3.4% менен 3.5% ортосунда стабилдешет. Отчетко караганда, өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү жылыштар Кытайда ынанымдуу туруктуу өсүш менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле көп кирешелүү экономикасы бар өлкөлөрдө акыркы беш жылдагы кризисте оңолуунун белгилери байкалууда. Ошол эле убакта глобалдык үстөк пайыздын көбөйүшүнөн жана капиталдык агымдагы өйдө-төмөн кыймылдардан улам өсүштүн келечегине көлөкө түшүшү да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG