Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:25

Иракта бомбалоодон 40 чакты кишинин өмүрү кыйылды


Баш калаа Багдадда жана ага жакын аймакта бүгүнкү катар жардырууларда аз дегенде 39 киши набыт болду. Багдаддан түндүктөгү Бухриз айылында сөөк коюуда тигилген чатырда бомба жарылып, кеминде 16 киши каза тапты. Чогулгандар мындан эки күн мурда өлтүрүлгөн эки суннит өкмөтчүл согушкердин өлүмүнө аза күтүп жатышкан. Ал арада Багдаддын шииттер көп отурукташкан, же алар сунниттер менен аралаш жашаган оодандарында жети машина жардырылып, аз дегенде 23 киши өлдү.

XS
SM
MD
LG