Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Украин парламентинде оппозиция нааразылык көрсөттү


Оппозиция жыйындар залындагы трибунага жолду тороп алгандыктан, украин парламентинин төрагасы Володимир Рыбак жыйынды депутаттар отурган жерде туруп алып барууга мажбур болду. Кечээ Украинанын Демократиялык реформалар альянсы, "Баткевщина" жана "Свобода" партияларындагы оппозициячыл депутаттар өткөн жума күнкү демонстранттар менен полициянын кагылышын иликтөөнү талап кылып, парламенттеги трибунага жолду торошкон. Жума күнкү кагылышта аз дегенде 10 киши, анын ичинде өлкөнүн мурдагы ички иштер министри жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG