Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Депардье авиакомпания түптөдү


Белгилүү актёр Жерар Депардье, Голливуд, Калифорния, АКШ, 19-январь 1991-ж.
Белгилүү актёр Жерар Депардье, Голливуд, Калифорния, АКШ, 19-январь 1991-ж.
Белгилүү француз актёру Жерард Депардье Бельгияда өзүнүн "Cyran'R" ("Сиран'Р") атуу авиаишканасын түптөдү. Бул тууралуу бельгиялык "L'Echo" ("Л'Эку") гезити кабарлады. Авиакомпаниянын флотунун өзөгүн актёрдун өзүнүн менчик учагы түзөт.

Былтыр орус жарандыгын алган Депардье авиакомпаниясына ага 1990-жылы дүйнөлүк атак-даңк алып келген Эдмонд Ростананын пьесасындагы каарман Сирано де Бержерактын ысымын ыйгарды. Актёрдун авиакомпаниясы Бельгиянын Эно аймагындагы Эстемпюи шаарчасында катталган. Каттоо иш кагаздарына ылайык, "Cyran'R" жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, почтаны жана донордук органдарды ташыйт.

Франциянын кавалери, "Алтын глобус" жана "Цезарь" сыйлыктарынын бир нече жолку ээси Депардьенин жеке учагы авиакомпанияда кызмат кылат. Учак Эстемпюиден 25 чакырым алыс жайгашкан Франциянын Лилль шаарындагы Лескен эл аралык аба майданынан каттамдарды аткарат деп айтылууда. Актёрдун авиакомпаниясы кайсы багыттарды тейлээри жана учагынын үлгүсү жарыялана элек.

Жерар Депардьенин кийинки бизнес долбоору – Бельгиянын Турне шаарында "L'Espace Depardieu" ресторанын ачуу. (BAz)

XS
SM
MD
LG