Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Ирактагы жардыруу 73 кишинин өмүрүн алды


Баш калаа Багдадда жана ага жакын аймакта шаршемби күнкү катар жардыруулардан 73 адам апаат кетти.

Aл арада Анбар дубанындагы Рамади шаарында, Саклавия деген кыштакта жана Фалужжада согуш аракеттери уланып жатат. Ирактын армиясы 11 согушкер өлтүрүлгөнүн билдирди.

Өкмөт күчтөрү айрым аймактарды “Аль-Каидага” байланыштуу топтордун жанкечтилеринен тазалаганы да кабарланууда. Зомбулуктун деңгээли соңку беш жылдагы эң бийик көрсөткүчтө экени серепчилер тарабынан айтылып жатат.
Жакында Иракта парламенттик шайлоо болот.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун өлкө лидерлерин кан төгүүнү токтотуунун жолдорун табууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG