Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Кыргыз-тажик чек ара бекеттерин биргелешкен комиссия текшерет


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара бекеттерди биргелешкен комиссия текшерет. 15-январда коңшу өлкөнүн Исфара шаарында болгон эки тараптуу сүйлөшүүдө ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басары Искендер Мамбеталиев билдирди.

Комиссия чек ара бекетиндеги аскерий техниканы карап, уруксат берилбегендерин чыгарып салуу чечимин кабыл алат. Андан соң кайрадан эки өлкөнүн тийиштүү кызматынынын жетекчилери жолугуп, кийинки пландарды талкуулашат.

11-январда Баткендин Ак-Сай айыл аймагында тажик-кыргыз чек арачыларынын арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. Чатак Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылыгынан улам келип чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG