Чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыктарынын кызматкерлери Баткенде кыргыз-тажик чек арасын кайтарып жаткан кесиптештерине жардам берди. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, азык-түлүк Баткенге кечээ жеткирилди.
11-январда Баткен районунда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде куралдуу жаңжал чыгып, эки тараптан он чакты аскер жараат алган. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (RK)