Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Иран Сирия конференциясына шарт коюлса катышпайт


Өлкө тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф бул тууралуу бүгүн Москвада Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Лавров өз кезегинде БУУ башкатчысы Пан Ги Мунду Иран менен Сауд Аравияны Женева-2 деп аталган конференцияга чакырууга үндөдү. Конференция 22-январга мерчемделген.

Орус тышкы иштер министри белгилегендей, жыйынга аймактагы ири өлкөлөрдүн келүүсү үч жылга жакындап калган жаңжалда саясий чечим табууга жардам берет.

АКШ Тегеран конференцияга эгер Сириянын өткөөл өкмөтүнө президент Башар Асад жана анын жакынкы өнөктөштөрү кошулбайт деген мурдагы дипломатиялык макулдашууларды кабыл алса гана катыша алаарын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG