Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Аблязовдун адвокаттары сот чечимин апелляцияга берди


Франциянын Экс–ан – Прованс шаарынын соту качып жүргөн казак банкири, президент Назарбаевдин саясий оппоненти Мухтар Аблязовду Орусияга же Украинага экстрадициялоого болот деген чечимди өткөн аптада чыгарган эле.

Аблязовдун адвокаты Бруно Ребстоктун “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ал апелляциялык арызды ушул аптада тапшырды. Адвокаттын айтымында, Орусия менен Украинада да мыйзам үстөмдүгүнө кепилдик жок жана Аблязов акыр - аягында Казакстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Аблязов Франциянын абагында былтыр июлдан бери отурат. Казакстандын Франция менен экстрадиция боюнча келишими жок. Бирок аны өткөрүп берүүнү кезинде Аблязов башкарган БТА банктын филиалдары иштеген Орусия менен Украина өткөрүп берүүнү суранган.

Аблязов БТА банкты башкарган кезинде 6 миллиард долларды уурдаган деп айыпталууда. Аблязов бул айыптардын саясий жүйөөсү бардыгын айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG