Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

Кыргыз-тажик чек арасы абал жөнгө салынганча жабык турат


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара бекеттери абал жөнгө салынмайынча жабык турат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ИТАР-ТАСС агенттигине берген интервьюсунда билдирген.

Премьер-министрдин айтымында, бул чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. Январдын этегинде жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Бишкек же Баткен шаарларында өтүшү күтүлүүдө.

Кыргыз тарап Баткендин Ак-Сай айылында болгон чатактан улам чек араны жапкан. 11-январда Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунун курулушуна тажик тарап каршы болуп, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. Андан бери аймак жоокерлердин дыкат көзөмөлүндө турат.(SE)

XS
SM
MD
LG