Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Баткендин Ак-Сай аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Жергиликтүү тургундар арасында коопсуздукка байланыштуу түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Аймак дыкат көзөмөлдөнүп жатат. Эки тараптуу комиссия 11-январдагы окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев абал жөнгө салынмайынча чек ара жабык бойдон кала берерин билдирген.

11-январда Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунун курулушуна тажик тарап каршы болуп, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. (SE)

XS
SM
MD
LG