Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Өз кызын зордуктады деп шектелген адам сурак берүүдө


Чүйдүн Сокулук районунда өзүнүн 16 жаштагы кызын зордуктады деген шек менен 40 жаштагы жергиликтүү жаран кармалды. Учурда милицияга сурак берип жатканын Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Арызды кыздын чоң энеси жазган. Ал өзүнүн уулу канынан жаралган кызына сексуалдык зомбулук көрсөтүп жатканын милицияга кабарлагандан соң көп өтпөй шектүү колго түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран буга чейин уурулук кылганы үчүн бир жолу камалып чыкканы аныкталды.

Соттук-медициналык экспертизанын негизинде, ага Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси – зордуктоо боюнча кылмыш иши козголду.

Маалым болгондой, кыздын апасы эки жыл мурун каза болгон. Ал Сокулукта атасы жана чоң энеси менен чогуу жашаган. (SE)

XS
SM
MD
LG