Ош шаарында газ берүү азайып, тургундар электр энергиясына көбүрөөк басым жасай баштады. Кара-Суу районуна газ берүү толугу менен токтотулду. Ош шаарынын Кулатов, Анар, Төлөйкөн райондорунда кечке жуук көгүлтүр от аябай аз берилип жатканын жашоочулар билдиришти.
Ош газ чарба башкармалыгынын жетекчи орунбасары Зина Азимкулова “Азаттыкка” маалымдагандай, бул абал сууктан улам Өзбекстандан келип жаткан газдын басымы кескин төмөндөп кеткендигине байланыштуу болууда. Анын айтымында, коңшу өлкөнүн Фергана жана Анжиян облустарында да газ берүү азайган.
Ош шаарына жана Кара-Суу районуна газ Өзбекстандан келет. Жыл сайын кышында коңшү өлкө төлөмдөргө байланыштуу деп көгүлтүр от берүүнү кыскартат.
Жакында “Кыргызгаз” “Узтрансгаз” менен 2014-жылдын биринчи кварталына келишим түзгөн. Кыргызстан газдын ар миң куб метри үчүн 290 доллардан акча төлөйт. (SE)