Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Тарыхчы Жумабаевдин сөөгү бүгүн жерге берилет


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Жумабаевдин сөөгү бүгүн жерге берилет. Тарыхчы менен коштошуу зыйнаты саат 10:00дө Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында болот. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылынын көрүстөнүнө коюлат.

Бектемир Жумабаев 1960-жылы Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында төрөлгөн. Оорудан улам 16-январда көз жумду. (SE)

 

XS
SM
MD
LG