Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:16

Дин иштери боюнча комиссияга жаңы жетекчи келди


Кыргызстандын Дин иштери боюнча комиссиясына жаңы жетекчи келди. Мурдагы жетекчи Абдулатиф Жумабаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынып, анын ордуна Орозбек Молдалиев дайындалды. Молдалиев буга чейин президенттин парламенттеги өкүлү болуп иштеп келаткан.

Айдын башында ошол кезде муфтиятты жетектеп турган Рахматулла ажы тартылган чуулгандуу видеотасма интернетте тараган. Рахматулла Эгембердиев бул үчүн кызматтан кетип, аны каралагандар деп Абдулатиф Жумабаевди, Орозбек Молдалиевди жана президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновду айыптаган болчу.

Дин комиссиясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Орозбек Молдалиев аталган мекеменин жамаатына бүгүн тааныштырылды. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG