Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Артыкбаев: Электрди өчүрүү азайды


Кыргызстанда быйылкы кышта электр энергиясын бузулууларга байланыштуу өчүрүү азайганы байкалат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, буга негизинен электр жабдуулары жаңыртылып жатканы себеп болууда. Мисалы, былтыр Бишкек менен Ошто 81 чакырым электр зым алмаштырылган, эскилиги жетип калган трансформаторлордун ордуна жаңылары тургузулган.

Министрдин айтымында, мурдагы жылдын кыш мезгилине салыштырганда быйыл авариялык себептерге байланыштуу жарыкты өчүрүү дээрлик үч миңге аз катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG