Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Аравандын мөмө-жемиш саткан базары күйүп кетти


Ош облусунун Араван районундагы чоң базардын мөмө-жемиш саткан бөлүгү күйүп кетти. Кабарчыбыздын окуя болгон жерден кабарлашынча, күйүп кеткен 1,5 миң чарчы метрлик аянтта мөмө-жемиш менен кошо азык-түлүк, курулуш материалдары сатылчу. Ошол эле жерде тигүү цехи бар болчу. Жалпысынан 100дөй соода оруну катталган. Кырсыкка электр зымдарынан чыккан от себеп болгону айтылууда.

Өрткө каршы кызматы 500 чарчы метр жер күйгөнүн, адам өмүрүнө зыян тийбегенин жана окуянын себеби тактала электигин айтууда.

Соңку үч ай ичинде Араван районунда ушуну менен үчүнчү ири өрт катталууда. Буга чейин тилсиз жоого бир мектеп жана микрокредиттик компаниялардын биринин имараты алдырган. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG