Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

УКМК: Бишкекте пара алып жаткан сот кармалды


Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы пара алып жаткан жерден кармалды. Бул тууралуу бүгүн УКМКдан кабарлашты. Маалыматка караганда, ал мас абалында машина айдап кармалган кишинин ишин бүтүрүп берем деген убада менен андан 6,5 миң сом талап кылган. Иш бөлмөсүнөн кармалган судьянын чөнтөгүнөн белги коюлган пара акчадан тышкары 18 миң 500 сом жана 200 доллар табылды. Окуя боюнча кылмыш иш козголду. Бирок судья камакка алынган жок. Себеби мыйзамга ылайык, кылмышка шектүү судьяны Соттор кеңешинин уруксаты менен гана камакка алса болот. Учурда тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG