Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Чек аранын жабылышы Сүлүктү шахтасына терс таасир этти


“Азыр шахтадагы ишканалардын көпчүлүгү ишин токтоткон, - деди “Азаттыкка” ысымын атабоону өтүнгөн ишкерлердин бири. - Биз өзүбүздө өндүрүлгөн көмүрдүн 90% Тажикстанга экспортточубуз. Азыр чек ара жабылгандан бери аны алып бара албай калдык, иш дээрлик токтоп турат. Анча-мынча аткезчилик менен баргандары гана алып барышпаса, өндүрүш жок”, - деди сүлүктүлүк ишкер.

Лейлектин Исфана шаарындагы айрым тургундар да “Азаттыкка” сүйлөп, базарда, дүкөндөрдө Тажикстандын Хужанд шаарынан алынып келинчү товарлар түгөнүп, тамак-аш кымбаттаганын айтышты.

Исфанадагы борбордук базардын башчысы Кадыр Орозбаев болсо базарда тамак-аш тартыштыгы жок экенин, товарлар Бишкектен ташылып жатканын айтты.

- Тажикстандан чыга турган нерселер гана, маселен, чөп-чар, помидор, бадырың, бир аз кымбаттаган. Анткени аларды өстүрө турган теплицалар негизинен Хужандда, Пролетарскиде жайгашкан экен. Эч кандай деле паника жок, керектүү азык-түлүк жетиштүү, - деди Орозбаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттердин баары 11-январда эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда тутанган атышуудан кийин жабылган. Алар качан ачылаары белгисиз. (TD)

XS
SM
MD
LG