Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Монголия авиакомпаниясы 49% акциясын сатат


Чыңгыз-Хан эл аралык аба майданы, Улан-Батор, Монголия
Чыңгыз-Хан эл аралык аба майданы, Улан-Батор, Монголия
Монголия өзүнүн улуттук авиаишканасы – "МИАТ – Монголиан Эйрлайнстын" 49% акцияларын Гонконг фондулук биржасында сатат. Бул тууралуу бир нече жарандык авиация маалымат булактары кабарлады. Учурда "МИАТтын" баасын аныктоо жана бир баалуу үлүш кагаздын наркын бычуу жүрүп жатат. Акцияларды IPO (initial public offering – алгачкы коомдук жайгаштыруу) аркылуу сатуу мамлекеттик менчиктештирүү программасынын алкагында жүрүүдө. Монголиянын улуттук авиакомпаниясы бир Боинг–737-800 жана бир Боинг–767-300ER учактары менен тогуз багытты тейлейт.

Улуттук авиакомпанияларынын үлүшүн саткан өлкөлөргө Жаңы Зеландия дагы кирет. Расмий Веллиңтон 2015-жылдын бюджетти толтуруу максатында өкмөт ээлик кылган "Эйр Нью Зиленддин" 5 миллиард Жаңы Зеландия долларына барабар (4.2 миллиард АКШ доллары) акцияларын былтыр ноябрда саткан.

Кыргызстанда болсо, "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүү максатында жалпы суммасы 226 миллион 927 миң сомго барабар кошумча акцияларын 24-сентябрда саткан. Андан тышкары "Эйр Кыргызстан" дагы 150 миң сомго акция сатарын билдирген. (BAz)

XS
SM
MD
LG