Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:02

Чехияда премьер-министр дайындалды


Б.Соботка өзүнүн партиясынын шайлоо өнөктүгү учурунда, Брно, 24-октябрь, 2013
Б.Соботка өзүнүн партиясынын шайлоо өнөктүгү учурунда, Брно, 24-октябрь, 2013
Чехияда социал-демократиялык партиянын лидери Богуслав Соботка премьер-министр болуп дайындалды. Ага өкмөттү жетектөөгө дайындалганы жөнүндө документти жума күнү мамлекет башчысы Милош Земан тапшырды.

Жаңы премьер өзүнүн ишинин негизги максаты катары экономикалык өнүгүүнү, жумушсуздукту кыскартууну жана элдин турмуш деңгээлин жакшыртууну атады.

Буга чейинки борборчул - оңчул өкмөт тыңчылык жана паракордукка байланышкан чырлардан кийин таркатылып, былтыр октябрда эрте шайлоо өткөрүлгөн. Жума күнкү дайындоо ошондон берки саясий туңгуюктун артынан болгон алгачкы ири өзгөрүү.

Мамлекетти акыркы жарым жыл бою убактылуу өкмөт башкарып келди. Эми январдын этегине чейин президент Земан жаңы кабинеттеги бардык министрлерди бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG