Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Баткен: ашыкча аскер күчтөрү боюнча комиссия ишин жыйынтыктайт


Бүгүн Ак-Сайдагы ашыкча чек ара аскерлерин алып чыгып кетүү боюнча иштеп жаткан эки таратуу комиссия ишин жыйынтыктайт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” чек ара кызматынын маалымат борборунан кабарлашты. Анда 15-январдагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу биргелешкен комиссия чек ара аймагынан ашыкча аскерлерди чыгарып кетүү иштерин текшерип жатат. Бүгүн бул комиссия өздөрүнүн жыйынтык сунуштарын жана маалыматтарын берүүсү күтүлүүдө. Андан аркы иштер ушул комиссиянын ишинин натыйжасына көз каранды.

11-январда Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунун курулушуна тажик тарап каршы болуп, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган.

Учурда эки тарап тең кошумча аскер күчтөрүн алып чыкпай турушат. (SA)

XS
SM
MD
LG