18-январга караган түнү Санкт-Петербург-Ош авиа каттамы боюнча бараткан Airbus-319 учагынын жүргүнчүсү мас абалында стюард менен мушташа кеткен. Натыйжада учак кызматкеринин оозу жырылып, жүргүнчүнүн мурду сынган. Мунун айынан учак Челябинск шаарына конуп, бейбаштык кылган 29 жаштагы жигит транспорт полициясына өткөрүлүп берилген.
Бул кабарды Орусиядагы Кыргыз элчилиги да "Азаттыкка" тастыктады. Маалыматка ылайык, учакта 1984-жылы туулган, улуту кыргыз Ч.Темиров аттуу Орусиянын жараны чыр чыгарган.
Буга чейин “Эхо Москвы” үналгысы сайтына Орусиянын ИИМинин Транспорт башкармалыгына таянып, кыргызстандык жигит учак каттамын үзгүлтүккө учуратканы тууралуу маалыматты жарыялаган. (SA)