Йемендин баш калаасында ирандык дипломатты атып кетишти. Али Асгар Асади ишембиде эртең менен Иран элчисинин резиденциясында ок жеп, ооруканага жеткирилген. Бирок кийинчерээк көз жумду. Доктурлар ок анын ийнине жана ашказанына тийгенин айтышты.
Санадагы ирандык дагы бир дипломатты өткөн июлда болжол менен "ал-каидачы" согушкерлер уурдап кетишкен. Ал азыркыга чейин барымтада калууда.
Йемендин түндүгүндө сунниттер менен шииттердин кармашы жүрүп келатат. Сунниттер Иран шиит козголоңчуларды колдоодо деп айыптайт.