Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Мамлекеттик Дума “Кыргызгаз” боюнча келишимди ратификациялады


Орусиянын Мамлекеттик Думасы 17-январда “Кыргызгаз” ишканасын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимди ратификациялады. Бул тууралуу орус парламентинин сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, талкуу учурунда орусиялык депутаттар аталган келишимдин саясий өңүттөн да абдан маанилүү экенин белгилешкен. Натыйжада келишимди көпчүлүк депутаттар колдоду.

"Кыргызгазды” шарттуу түрдө 1 долларга “Газпромго” сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге былтыр июнда Москвада кол коюлган. Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилет. Орусиянын “Газпромуна” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иштейт. Ошондой эле “Кыргызгаздын” бардык карыздарын төлөө милдетин алат жана 650 млн. доллар инвестиция салмакчы.

Бул келишимди Жогорку Кеңеш былтыр декабрда жактырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG