Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:35

Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу программасын АКШ Иорданияда жүргүзө алат


Өкмөттүк "ал-Раи" гезити маалымат министри Мухаммад Моманинин “Иордания ирактык аскерлерди өз аймагында машыктыруу боюнча АКШнын өтүнүчүн оң кабыл алды” деген сөздөрүн келтирди. Бир нече убакыттан бери Анбар чөлкөмүндө коопсуздук күчтөрү "ал-Кайида" менен байланыштары бар согушкерлер менен урушуп жатышат.

АКШнын коргоо министрлигинин өкүлү Ажанс "Франс пресске" билдиргендей, Вашингтон машыктыруу программасын баштоо үчүн Иордания же башка бир өлкөнүн жактыруусун күтүп жатат.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики экстремизмге каршы күрөшүү үчүн АКШдан жардам сураган. (AA)
XS
SM
MD
LG