Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Стамбулда кайрадан митинг өттү


Стамбулда чогулган миңдеген киши 7 жыл мурун теги армян түрк журналисти Хрант Динкти өлтүргөн кылмышкерлерди жоопко тартууну талап кылышты. Демонстранттар чогулган Таксим аянтында полиция даярдыкта турду. Чогулгандар “биз бардыгыбыз Хрант Динкбиз, бардыгыбыз армянбыз” деген ураан чакырышты.

52 жаштагы журналист, Түркиядагы армяндардын чакан коомчулугунун лидери чак түштө редакциянын жанында ашынган улутчул өспүрүмдүн огунан каза тапкан. Маркум Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын массалык кырылышын геноцид деп атагандыгы үчүн улутчулдардын кыжырына тийип келген.

Динктин тарапкерлери өкмөт кылмышка тиешеси бар расмий адамдарды коргоодо деп ырасташууда. (AA)

XS
SM
MD
LG