Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Баткенде аскердик машыгуу өтүүдө


Баткенде бүгүн үч күндүк аскердик машыгуу жыйынтыкталууда. Кабарчыбыздын айтымында, Коргоо министрлиги Баткен жана Лейлек райондорундагы резервдик түзүмдөрүн чогултуп, согуш же жарандык кырсык учурунда жана башка өзгөчө кырдаал түзүлгөндө өлкөнүн стратегиялык маанилүү объекттерин коргоо, абалды тартипке салуу боюнча машыгуу өткөрүп жатат. Буга чейин теориялык жагы тапталып, бүгүн аткыч курал колдонуунун практикасын өтүп жатышат. Машыгууга офицерлер, сержанттар, запастагы 50 жашка чейинки аскерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG