Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Балалуу болгондорго акчалай жардам берүү сунушталууда


Кыргызстанда ымыркай төрөлгөн үй-бүлөлөргө мамлекеттен каражат бөлүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Анын автору - депутат Дастанбек Жумабеков. Мыйзам долбооруна ылайык, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 6 миллиард сом талап кылынат.

Депутаттын билдиргенине караганда, жылына Кыргызстанда 120 миңге жакын бала төрөлөт. Учурда калктын санынын өсүш деңгээли 3% түзүүдө. Төрөлгөн баласын багууга мамлекет энелерге алган айлыгына жараша акча бөлүп берет. Ал эми башка мамлекеттерде, мисалы Орусияда, баланын сүйүнчүсү, энелик капитал деген сыяктуу төлөмдөр бар.

Бала төрөгөндөргө жардам боюнча мыйзам долбоору мурда да сунушталган, бирок көпчүлүктүн колдоосуна ээ болбой калган.(RK)

XS
SM
MD
LG