Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Мектептерде өрт кырсыгы көп катталууда


Кыргызстандын мектептеринде соңку мезгилде өрт кырсыгы көп катталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мындай маалыматы бүгүн парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде айтылды. Жыйында өрт коопсуздугу боюнча техникалык регламент мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, мурдагы жылы мектептерде чыккан 23 өрт кырсыгы катталган болсо, былтын 49 болгон. Тилсиз жоонун пайда болушуна көпчүлүк учурда өрт коопсуздугу боюнча эреженин сакталбай калышы себеп экени айтылды.

Жалпысынан былтыр Кыргызстанда өрт кырсыгы боюнча көрсөткүч 15,2% өскөн. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG