Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Эшперов: Былтыр аскер прокуратурасы 110 кылмыш иш козгогон


Былтыр Кыргызстандын Аскер прокуратурасы 110 кылмыш иш козгогон. Бул тууралуу бүгүн парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде маалымат берип жатып аталган мекеменин башчысы Марат Эшперов билдирди. Күн тартибинде - Куралдуу күчтөрдө, башка аскердик түзүмдөрдө, аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарда 2013-жылда аскердик жана укук тартиптин абалы тууралуу маселе.

Козголгон кылмыш иштердин теңинен көбү - 64% Коргоо министрлигине таандык. Кылмыш иштер боюнча биринчи орунда мамлекет бөлгөн акчаны туура эмес бөлүштүрүү, уурдоо, кызматынан ашкере пайдалануу фактылары турат. Экинчи орунда мамлекеттик сатып алуудагы, үчүнчүсү - аскер комиссариаттарынын ишиндеги мыйзам бузуулар. Ошондой эле аскердик кафедралар, пенсия менен камсыз кылуудагы, кадр маселесиндеги мыйзамсыз фактылар орун алган.

Эшперовдун айтымында, былтыр 306, мурдагы жылы 361 аскер кызматкери жоопко тартылган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG