Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Пакистанда талип чабуулу ондон ашык кишинин өмүрүн алды


Өлкөнүн түндүк-батышындагы Равалпинди шаарында бомба жарылганда, аз дегенде 13 киши набыт болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары бийликтерге шилтеме берип кабарлагандай, Пакистан армиясынын штаб-квартирасына жакын жердеги базарда орун алган кол салууда армиянын алты кызматкери жана жети карапайым тургун ажал тапты. Күбөлөр жарылуу болгон жерде кыйрандылардын арасында адамдардын канжалаган мүчөлөрү чачылып жаткандыгын айтышты.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти Пакистандын Техрик-иТалибан уюму өзүнө алды. Президент Мамнун Хусаий кол салууну айыптады.

XS
SM
MD
LG