Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Ооганстанда коалициялык базага кол салынды


Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде бир нече жанкечти чабуул жасап, аз дегенде бир НАТО аскери набыт болду.

"Жанкечти бомба жүктөлгөн жүк ташыгыч менен келип, Жерай ооданындагы америкалык аскер турагынын дубалын сүздү. Бир эле мезгилде дагы бир машина менен Улуттук армиянын базасына алты жанкчети кирүүгө аракеттенди, бирок алтоо тең атып өлтүрүлдү. Ооган, америкалык аскерлер арасында чыгым жок," - деп билдирди ооган улуттук армиясынын Кандагардагы Жерай ооданындагы аскер башчысы Муртаза Сарвари. Кандагар губернаторунун маалымат катчысы Жавид Файсал Твиттер баракчасында тогуз жанкечти согушкер өлтүрүлгөнүн жазды.

XS
SM
MD
LG