Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

Maрцинкевичтин колдоочулары акция даярдап жатышат


Кубада жашырынып жүргөндө кармалган Максим Марцинкевичтин жактоочулары Кубанын Москвадагы элчилигин пикеттешээрин жарыялашты. Алар ашкере улутчулдун камакка алышына жана аны Орусияга экстрадициялоо планына нааразы болушууда. Тесак же Балта деген ат менен белгилүү болгон Марцинкевич былтыр гомосексуалдарды жектөөчү уюм түзгөн эле. Өткөн жылы Марцинкевич жана анын жолдоочулары кумсаларды кармап алып, аларды шылдыңдап, кыйнаган видеолорун чыгарышкан. Өткөн айда Москвада сот Марцинкевичти экстремисттик айыптар менен камакка алууга буйруган.

XS
SM
MD
LG